2026-жылдын 5–6-сентябрында Филиппиндеги Субик-Бей шаарында паратриатлон боюнча Азия чемпионаты болуп өттү. Анда Кыргызстандын өкүлдөрү үч медаль багындырышты.

«Дельфин» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары мелдештин байгелүү орундарына ээ болушуп, бир алтын жана эки күмүш медаль утуп алышты.

Кыргызстан курама командасынын куржунуна алтын медалды биринчи орунду ээлеген Гульназ Жузбаева алып келди.

Жаладин Абдувалиев менен Сезим Мейманбаева чемпионаттын күмүш байге ээлери болушту.