Бишкек шаарынын мэриясында борбор калаада өткөрүлгөн ири эл аралык иш-чараларга даярдык көрүү жана аларды өткөрүү боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, мындан аркы милдеттер аныкталды.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бардык шаардык кызматтарга, муниципалдык ишканаларга жана райондук администрацияларга аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүүнүн алкагында коюлган негизги талаптар жана милдеттер сапаттуу аткарылганы белгиленди.

Борбор калаанын мэри жолдорду жана тротуарларды оңдоо, имараттардын фасаддарын жаңылоо, жашылдандыруу, көчөлөрдү көрктөндүрүү жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган башка иштер мындан ары да улантылышы керектигин баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө бюджеттик каражаттарды пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мэр жолдорду, жол инфраструктурасын оңдоого, фасаддарды жаңылоого жана башка иштерге бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу үчүн ар бир объект боюнча чыгымдарга аудит жүргүзүп, талдоо жасоону тапшырды.

Ар бир объект жана аткарылган иштер негиздүү болуп, мыйзам талаптарына жооп берүүгө тийиш. Ал эми каржылык чыгымдар иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмүнө шайкеш болушу зарыл. Аткарылган иштер боюнча актылар кылдат текшерилиши керек. Ошол эле учурда каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча жоопкерчилик тиешелүү кызмат адамдарынын мойнунан алынбайт.

«Ар бир объектти жана ар бир чыгымды текшерүү зарыл. Иштердин наркын негизсиз жогорулатууга жол берилбейт. Бардык иштер негиздүү болуп, мыйзам талаптарына жооп берүүгө тийиш. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилүүгө тийиш», — деп белгиледи ал.

Жумушчу кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөргө жана райондук администрацияларга каралган багыттар боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Мэриянын жетекчилиги башталган иштерди улантуу менен бирге аткарылып жаткан иштердин сапатына, мөөнөттөрүнүн сакталышына жана бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.