Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кытай Эл Республикасынын Чанша шаарынан келген, Хунань провинциясынын эркин соода аймагынын пилоттук зонасынын Жумушчу комитетинин катчысы, Кытай Коммунисттик партиясынын Чанша шаардык комитетинин Туруктуу комитетинин мүчөсү Чжоу Мин (Zhou Min) баштаган делегация менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар муниципалитеттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, шаар чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо, инфраструктураны өнүктүрүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багыттарындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Кытай тараптын өкүлдөрү Бишкек шаарында болуп жаткан оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, борбор калаанын көрктүүлүгүнө, жашыл аймактарына жана шаарды мындан ары өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалына өзгөчө баа беришти.
Жолугушууда экологиялык туруктуулук маселелерине жана Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын электр энергиясын өндүрүү менен утилдештирүүчү экологиялык технологиялык завод куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. Долбоор Чанша шаарында жайгашкан кытайлык «Junxin» компаниясынын катышуусунда ишке ашырылууда.
Тараптар практикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана Бишкек менен Чанша шаарларынын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти. Анын ичинде эки шаардын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү маселеси да талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чжоу Минге муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, шаар чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кошкон салымы, ошондой эле Бишкек менен Чанша шаарларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык катын тапшырды.



