Бишкек шаарынын мэриясы Ак-Ордо конушундагы №104 жалпы билим берүүчү мектеп 2026–2027-окуу жылын баштоого даяр экенин маалымдайт. Социалдык тармактарда мектеп окуучуларды кабыл алууга парталардын жетишсиздигинен улам даяр эмес деген маалымат чындыкка дал келбейт.
Бүгүнкү күндө мектеп окуу процессин уюштуруу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык база менен камсыздалган. Педагогикалык курам жана техникалык кызматкерлер толук комплекттелген. Окуу процесси уюштурулуп, мектеп штаттык режимде иштеп жатат.
Ошол эле учурда №104 мектеп Ак-Ордо конушунда жана ага жакын аймактарда мектеп жашындагы балдардын санынын көптүгүнө байланыштуу олуттуу жүктөм бар.
Мектептин долбоордук кубаттуулугу 750 окуучуга эсептелген. Ал эми 2026–2027-окуу жылында жалпы саны 3 миңге жакын окуучу билим алган 100 класс-комплект түзүлдү. Анын ичинен 66 класс-комплект башталгыч класстарга, 34ү орто жана жогорку класстарга тиешелүү.
Мындан тышкары, Бишкек шаарында жаңы жалпы билим берүүчү мектептердин курулушу жүрүп жатат. Бул борбор калаадагы окуучулар үчүн орундардын санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Мектептин долбоордук кубаттуулугу бир кыйла ашырылганына карабастан, №104 мектепте окуу процессин уюштуруу үчүн зарыл шарттар түзүлүп, жаңы окуу жылына даяр.
Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды жана социалдык тармактарды колдонуучуларды расмий маалыматтарга гана таянууга жана такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат.
Окуу процессин уюштуруу жана мектептин ишмердүүлүгү боюнча суроолор болсо, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментине кайрылсаңыздар болот.

