«Ынтымак-2» эс алуу паркында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери арасында спорттук турнир болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышып, ишкана жамаатын майрамы менен куттуктады. Ошондой эле кызматкерлердин борбор калааны жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө кошкон салымын белгиледи.
Шаар башчысы кызматкерлердин күнүмдүк эмгегинин аркасында Бишкек шаары жылдан-жылга жашылдандырылып, көрктөндүрүлүп жатканын белгиледи.
«Силер эч нерсе өспөйт деп ойлогон жерлерде да гүл өстүрүп, чоң иш жасап жатасыңар», — деди мэр.
Спорттук программа мелдештин алты түрүн камтыды. Алардын катарында футбол, волейбол, дартс, аркан тартыш, стол тенниси жана чуркоо боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундарды ээлеген катышуучуларга акчалай сыйлыктар жана Ардак грамоталар тапшырылды.
Ошондой эле ак ниет эмгеги, ишкананын өнүгүшүнө кошкон салымы жана кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткаргандыгы үчүн өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын Ардак грамоталары, грамоталары жана эстелик сааттары тапшырылды.





