Борбор калаанын райондорунда Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 Жарлыгына ылайык, жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөөгө багытталган рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, 11-августта Ленин районунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам талаптарын бузган 4 факт аныкталды. Орок айылындагы №166 контурда №109 Жарлыктын талаптарын бузуу менен ички пайдубал куруу иштери жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталган. №67 контурда мамлекеттик жер тилкесине убактылуу курулуш тургузулгандыгы аныкталды. Мындан тышкары, №109 МАБнын аймагында — №520 контурда (Кызыл-Эмгек көчөсү, 4-А көчөсү) жана №540 контурдагы №1539 жер тилкесинде мыйзамсыз курулуш жүргүзүлгөн эки факт катталган.
Свердлов районунда 6-августта №305 МАБнын кызматкерлери «Нуркожо-Ата» жана «Адилет» конуштарында жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө «Нуркожо-Ата» конушундагы 11-көчөсүндөгү №453 жер тилкесине пайдубал куюу фактысын аныкташкан. Окуя болгон жерде тиешелүү акт түзүлүп, маалымат 102 кызматына катталган. Материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жана жер тилкелерин пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, 7 жана 14-август күндөрү №303, №304, №305, №306 жана №307 МАБнын аймактарында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында жер тилкелерин өз алдынча басып алуу жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүү фактылары аныкталган жок.
25-августта шаардык кызматтардын жана №304 МАБнын кызматкерлеринин катышуусунда «Красный строитель» конушундагы Сары-Челек көчөсүнүн батыш тарабындагы аймакка жеринде текшерүү жүргүзүлдү. Жалпысынан 21 объект текшерилип, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына жөнөтүлдү.
Биринчи май районунда көзөмөл иш-чараларынын алкагында жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу жана өз алдынча курулуштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда. Тактап айтканда, Маевка айылынын аймагында, анын ичинде «Бугу-Эне-Багыш» жана «Алтын Казык» конуштарындагы үйлөрдү өз алдынча куруу фактылары катталууда.
№205, №207 жана №208 МАБнын аймактарында 2024-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин мыйзамсыз тургузулган 171 пайдубал жана бүтө элек курулуш объектиси демонтаждалды.
Мындан тышкары, 2026-жылы №207 МАБнын аймагындагы №378 контурда («Теңдик» конушу) бош жер тилкелерине пайдубал куюунун үч мыйзамсыз фактысы аныкталган. Аталган фактылар боюнча материалдар мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүү үчүн Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына жөнөтүлгөн.
Октябрь районунда 2026-жылдын 7-сентябрында милиция кызматкерлеринин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлгөн аймактык кыдыруунун жүрүшүндө мыйзамсыз курулуш жүргүзүүнүн 3 фактысы аныкталды. Алар: курулушка кошумча бөлүк тургузуу, пайдубал куюуга жерди даярдоо жана дубал тургузуу. Бардык фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, айыл чарба багытындагы жерлерге турак үйлөрдү курууга жол берилбестиги жөнүндө эскертүүлөр берилди. Курулуш иштери токтотулду.
Мындан тышкары, №406 МАБнын аймагындагы «Анар-Бак» конушунун №6 жер тилкесинде жерди өз алдынча басып алуу фактысы боюнча шектенүү аныкталды. Материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.
Борбор калаанын райондорунда жер тилкелеринин пайдаланылышын көзөмөлдөө, аларды мыйзамсыз басып алууга жол бербөө жана курулуш чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча иштер туруктуу негизде улантылууда.