Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин иштөө режими өзгөрөт. Мындай чечим Бишкек шаарынын мэриясынын жолдор боюнча штабында, мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында кабыл алынды.

Жаңы тартипке ылайык, иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө чейин жеке автоунаалардын бөлүнгөн тилкелерге кирүүсүнө тыюу салынат. Саат 20:00дөн эртең мененки 08:00гө чейин жеке транспорт каражаттарынын бул тилкелер менен жүрүүсүнө уруксат берилет. Ошондой эле ишемби жана жекшемби күндөрү бөлүнгөн тилкелерде жүрүүгө  болот.

Чечим жол кыймылын уюштуруу схемаларына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, жол белгилери орнотулгандан кийин күчүнө кирет.

Жыйында ошондой эле автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана реабилитациялоо иштери каралды. 2026-жылдын 4-сентябрына карата иштер 151 көчөдө башталган. Алардын ичинен 125 көчөдө жол оңдоо иштери, 26 көчөдө тротуарларды куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 84 көчөдөгү иштер толугу менен аяктады.

Мындан тышкары, мектептердин жанындагы жол белгилерин жана жол чийиндерин жаңыртуу маселеси өзүнчө каралды. Тиешелүү түзүмдөргө жол чийиндерин, биринчи кезекте жалпы билим берүү мекемелеринин жанындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү тез арада жаңыртып, түшүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Ошондой эле жыл аягына чейин Бишкек шаарында дагы алты оңго бурулуучу кошумча жол тилкесин уюштуруу пландалууда. Аларды ишке ашыргандан кийин шаардагы мындай бурулуштардын жалпы саны онго жетет.

Мындан сырткары, бөлүнгөн тилкелерде жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлүп, үзгүлтүксүз рейддер өткөрүлөт.

Берилген тапшырмалардын аткарылышы Жолдор боюнча штабдын көзөмөлүндө болот.