Кечээ Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Дордой-автотетиктери» базарына алып баруучу Келечек-9 көчөсүндөгү жолдун курулушу менен таанышып жатып, жеке компаниялардын өкүлдөрүнө аталган тилкеде 24 сааттын ичинде асфальт төшөө иштерин баштоону тапшырган.
Мындай тапшырма аталган тилкедеги иштердин белгиленген мөөнөттөн кечигип жаткандыгына байланыштуу берилген.
Бүгүн, 2026-жылдын 9-сентябрында, подряддык уюм берилген тапшырманы аткарууга киришти. Учурда жол тилкесинде жолдун жүрүүчү бөлүгүнө асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

