Бишкек шаарында муниципалдык автомобиль жолдорунда жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын кыймылына киргизилген убактылуу чектөөлөр уланууда.

2026-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин абанын күндүзгү температурасы 28°C жана андан жогору болгон учурда, жалпы максималдуу массасы 18 тонна жана андан ашкан жүк ташуучу транспорт каражаттарынын кыймылына күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин чектөө киргизилет.

Чектөөлөр жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, муниципалдык автомобиль жолдорун сактоо жана алардын пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында киргизилген.

Белгиленген талаптардын аткарылышын Бишкек шаарынын ИИББ боюнча Жол кайгуул кызмат башкармалыгы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы көзөмөлдөйт.

Бишкек шаарынын мэриясы айдоочулардан жана транспорттук компаниялардан маршруттарды пландаштырууда учурдагы чектөөлөрдү эске алууну, белгиленген талаптарды сактоону жана мүмкүнчүлүк болсо, оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын кыймылын чектөө колдонулбаган убакытка жылдырууну өтүнөт.