«Дельфин» ОРАБӨМдүн машыктыруучулары дартс боюнча XXV Эл аралык Ысык-Көл оюндарынан медалдарды утуп келишти.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча Жумабай уулу Даанышман жеке эсепте 2-орунду жана аралаш жуптарда 3-орунду ээледи.

Алла Чернышова жеке эсепте эң жакшы натыйжа көрсөтүп, 1-орунду ээледи.

«Дельфин» ОРАБӨМдүн спортчулары жана машыктыруучулары Бишкекти ар кандай деңгээлдеги мелдештерде көрсөтүүнү жана шаардын спорт казынасын жаңы жетишкендиктер менен толуктоону улантууда.