Октябрь районунда Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 Жарлыгын аткаруунун алкагында жер тилкелерин өз алдынча басып алуунун жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүүнүн алдын алуу боюнча иштер улантылууда.
2026-жылдын 7-сентябрында милиция кызматкерлери менен биргеликте аймакты кыдырып, текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз курулуш жүргүзүүнүн үч фактысы аныкталды. Тактап айтканда, кошумча курулуш куруу, жер тилкесин пайдубал түптөөгө даярдоо жана дубал тургузуу учурлары катталган.
Бардык аныкталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, айыл чарба багытындагы жерлерге турак жай курууга жол бербөө тууралуу эскертүүлөр берилди. Курулуш иштери токтотулду.
Мындан тышкары, Көк-Жар конушунун №9 көчөсүндө, №172 контурда Э.Э. аттуу жаран тарабынан мыйзамсыз курулуш жүргүзүү фактысы аныкталды.
Бул факт боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 2-бөлүгүнө - «Башка бирөөнүн жер тилкесин өз алдынча басып алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Октябрь райондук администрациясы жер тилкелерин өз алдынча басып алууга жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүүгө жол берилбей тургандыгын эскертет.



