Түштүк Кореянын Чхонджу шаарында боордош жана өнөктөш шаарлардын «2026 Cheongju Sister and Friendship Cities Photo Exhibition» аттуу фотокөргөзмөсү өтүп жатат. Ага Бишкек шаары да катышууда.

Көргөзмөгө жети өлкөнүн — Кыргызстан, АКШ, Япония, Кытай, Россия, Вьетнам жана Польшанын 13 шаарынан жалпы 26 сүрөт коюлган. Экспозицияга коюлган эмгектер аркылуу көрүүчүлөр шаарлардын кооз жаратылышы, маданияты, майрамдары жана тургундардын күнүмдүк жашоосу менен тааныша алышат.

Бишкек шаарынан мэрия тарабынан жөнөтүлгөн эки сүрөт — «The Children of Naryste» («Наристе" балдары») жана «A Sky of Remembrance» («Эскерүү асманы») көргөзмөдөн орун алды.

Көргөзмө сентябрь айында Хындок районунун администрациясында ачылып, 30-октябрга чейин уланат. Иш-чара Чхонджу шаарынын төрт райондук администрациясында кезектешип өткөрүлөт.

Бишкектин бул көргөзмөгө катышуусу Чхонджу шаарынын тургундарын кыргыз борборунун маданияты менен тааныштырууга жана эки шаардын ортосундагы достук байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.