Бишкек шаарынын мэриясы жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын дагы бир жолу эскертет.
Мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер демонтаждалса, мэрия жарандардын тарткан чыгымдары үчүн жоопкерчилик тартпайт жана компенсация төлөбөйт. Себеби мэрия жарандардын ортосунда түзүлгөн бүтүмдүн тарабы болуп саналбайт.
Муниципалдык мүлккө болгон укуктарды сатып алардан мурун, аларды мыйзамдуу жол менен тариздөөнүн тартибин алдын ала тактап алууну сунуштайбыз.
Кеңеш алуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылсаңыздар болот. Дареги: Чүй проспектиси, 168.