«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы ичүүчү сууну пландуу өчүрүү 15-сентябрдан 16-сентябрга жылдырылганын маалымдайт.
16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Суу берүүнү токтотуу Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектелген аймакты, ошондой эле «Алтын-Ордо», «Кара-Жыгач» жана «Полицейский городок» конуштарын камтыйт.
“Контррезевуар” суу топтомосунда профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.
“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.