Бишкек шаарындагы Кронштадт көчөсү Манас көчөсүнөн( мурдагы Фучик көчөсү) Месароша көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери аяктады. 14-сентябрдан тартып жолдун аталган тилкеси кайрадан унаа кыймылы үчүн ачылды.
Оңдоо иштеринин алкагында жолдун үстүңкү катмары жаңыланып, жол инфраструктурасын иретке келтирүү боюнча тиешелүү иштер аткарылды. Жол белгилери жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуучу элементтер талапка ылайык абалга келтирилди.
Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын бардык катышуучуларын жол кыймылынын эрежелерин, жол белгилеринин талаптарын жана белгиленген ылдамдык режимин сактоого чакырат.


