14-сентябрда А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында чакан формалардагы театрлардын «IMPULSE» XI эл аралык фестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Фестиваль 14-сентябрдан 18-сентябрга чейин Бишкек шаарында өткөрүлөт.
Фестивалдын ачылышы театралдаштырылган көркөм программа менен башталды. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары Рахат Мусаева катышты.
Рахат Мусаева өз сөзүндө театрдын коомдун руханий өнүгүүсүндөгү ордун баса белгилеп, фестиваль катышуучулары менен конокторуна чыгармачылык ийгилик каалады. Ошондой эле, ал конокторду Бишкек шаары менен жакындан таанышып, жаңы таасирлерди алууга жана Кыргызстан тууралуу жагымдуу эскерүүлөрдү сактап калууга чакырды.
Иш-чаранын алкагында театрдын көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Айгүл Умуралиеваны куттуктоо аземи да болуп өттү. Фестивалдын катышуучулары жана коноктору үчүн чакан формалардагы театрлардын «IMPULSE» эл аралык фестивалынын программалык директору Нина Мазурдун куттуктоосу окулду.
Расмий бөлүктөн кийин көрүүчүлөргө Эжен Ионесконун чыгармасынын негизинде А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры тарабынан коюлган «Отургучтар» спектакли тартууланды.
Фестивалдын биринчи күнү аталган спектаклдин көрсөтүлүшү менен жыйынтыкталып, эл аралык театр форумунун программасы расмий түрдө ачылды.
Фестивалдын программасы:
15-сентябрь, саат 14:00 — «Спасти камер-юнкера Пушкина», М. И. Хейфец, Темиртау, Казакстан.
15-сентябрь, саат 19:00 — «Одного кто знает», Б. Швайгер, Астана, Казакстан.
16-сентябрь, саат 14:00 — «Жизнь поэтов - жизнь в любви», В. Красногоров, Н. Паладий, Кишинёв, Молдова.
16-сентябрь, саат 19:00 — «Легкое знакомство», Чадыр-Лунга, Гагаузиянын автономиялуу аймагы, Молдова.
17-сентябрь, саат 14:00 — «Леди Капулетти», Н. Мазур, Якутск, Саха Республикасы (Якутия), Россия.
17-сентябрь, саат 19:00 — «Шоколад», В. Емельянова, Владимир, Россия.
18-сентябрь, саат 19:00 — «Академия смеха», К. Митани, Вологда, Россия.
Фестивалдын жүрүшүндө көрүүчүлөр Кыргызстан, Казакстан, Молдова жана Россиядан келген театр жамааттарынын спектаклдерин көрө алышат.














