Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин тутумунда көп жылдан бери дене тарбия жана спорт тармагында эмгектенип, жаш муунду тарбиялоого өз салымын кошуп келе жаткан машыктыруучулар жана спорт боюнча инструкторлор эмгектенишет.

Ар бир спортчунун жетишкендигинин артында анын аракети менен катар күн сайын колдоо көрсөтүп, спорттогу алгачкы кадамдарынан тартып туура багыт берип, жөндөмүн өнүктүрүүгө, тартипке жана өзүнө болгон ишенимин арттырууга жардам берген устаттардын эмгеги турат. Алардын айрымдары ондогон жылдардан бери топтогон тажрыйбасын кийинки муунга өткөрүп келишет.

Алардын бири - Бишкек шаарынын Свердлов районунун спорт боюнча инструктору Бектурсун Турумбекович Эстебесов. Ал өмүрүнүн көп жылын дене тарбия жана спорт тармагындагы эмгекке арнаган.

Бектурсун Эстебесов Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун 1985-жылы аяктаган. 2006-жылдан бери Департаменттин тутумунда спорт боюнча инструктор болуп эмгектенип, калк арасында, анын ичинде балдар жана жаштар менен дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук иш-чараларды уюштуруп келет.

Анын көп жылдык эмгеги шаардык деңгээлде бир нече жолу бааланган. Бектурсун Турумбекович жети жолу Бишкек шаарынын «Жылдын мыкты инструктору» наамына ээ болгон. Ошондой эле эки жолу «Жылдын мыкты мугалими» деп табылган. Дене тарбия жана спорт тармагына кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн «Дене тарбия жана спорттун отличниги» наамы ыйгарылган.

Бүгүнкү күндө Бектурсун Эстебесов балдар менен иштөөнү улантып, өзүнүн билимин жана көп жылдык тажрыйбасын жаш спортчуларга үйрөтүп келет. Учурда анын жетекчилиги алдында алты окуучусу машыгат. Алардын экөө Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билимин улантып жатышат.