2026-жылдын 15-сентябрында борбор калаадагы бардык жалпы билим берүү мектептеринде Билим күнүнө жана жаңы 2026–2027-окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу линейкалар болуп өттү.
Быйыл 27 миңден ашуун биринчи класстын окуучусу мектеп босогосун аттап, биринчи коңгуроо кагылды.
№88 жалпы билим берүү мектебинде өткөн салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева катышты.
Ал өз сөзүндө окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, мектеп окуучуларына окууда ийгиликтерди жана жаңы билимге умтулууну каалады. Биринчи класска барган окуучуларга ийгилик жана кызыктуу мектеп жолун, ал эми жогорку класстын окуучуларына кичүү окуучуларга татыктуу үлгү болууну жана мугалимдерге күч-кубат, чыгармачылык дем жана жемиштүү окуу жылын каалады.
«Мектептин өнүгүшү жана окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн үч тарап — мектеп, окуучулар жана ата-энелер — дайыма биргеликте иш алып барышы зарыл. Ата-энелердин мектеп менен тыгыз кызматташуусу жана өз кесибин сүйгөн, ишине чыгармачылык менен мамиле кылган мугалимдердин эмгеги аркылуу сапаттуу билим алууга жана татыктуу жаш муунду тарбиялоого шарт түзүүгө болот деп ишенем», — деп белгиледи Рахат Мусаева.
№88 мектептеги салтанаттуу линейка биринчи класстын окуучуларынын ырлары жана жаңы окуу жылынын башталганын кабарлаган биринчи мектеп коңгуроосу менен коштолду.
Салтанаттуу иш-чарадан кийин Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева биринчи класстын окуучулары менен бирге алгачкы сабакка катышты.
Борбор калаадагы бардык мектептерде окуу жылынын биринчи күнүндө жаңы окуу жылынын башталышына арналган алгачкы сабактар өттү.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык окуучуларды, ата-энелерди жана мугалимдерди Билим күнү менен куттуктап, баарына ийгиликтүү жана жемиштүү окуу жылын каалайт!

















