2026-жылдын 17-сентябрынан тартып Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштерине байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт. Буга чейин аталган тилкеде «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан жылуулук тармактарын алмаштыруу иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле 2025-жылы бул жерде жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү тротуарларды оңдоо жана ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер аткарылган.
Айдоочуларга жана шаар тургундарына каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдүү жолдорду тандоо сунушталат.
Жол кыймылынын бардык катышуучуларынан убактылуу чектөөлөрдү эске алууну жана жол белгилеринин талаптарын сактоону өтүнөбүз.