2026-жылдын 10–13-сентябрь күндөрү Корея Республикасынын Сеул шаарында Combat Ju-Jutsu боюнча Азия чемпионаты өттү.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын атынан катышкан Азамат Эсеналиев Combat Ju-Jutsu дисциплинасы боюнча Азия чемпиону аталып, алтын медалга ээ болду.

Азамат Эсеналиев ошондой эле Бишкек шаарында спортту уюштуруу жана өнүктүрүү багытында иш алып барат. Ал «Газпром - балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин директору.

Азамат Эсеналиевди жеңиши менен куттуктап, спорттук жана кесиптик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.