Бишкек шаарындагы спорттун жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Арваз Ахмади Чита шаарында өткөн бокс боюнча «Eurasian Dauria Cup 2026» эл аралык турниринде жеңишке жетти.
17–18 жаштагы спортчулар арасындагы мелдеш 8–13-сентябрь күндөрү өттү. Турнирге Кыргызстан, Россия, Беларусь, Өзбекстан, Бразилия, Куба, Иран, Монголия жана башка өлкөлөрдү кошкондо, жалпы 19 мамлекеттен келген мушкерлер катышты.
Арваз Ахмади 71 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Финалга чейинки беттештерде ал Россия, Беларусь жана Өзбекстандын өкүлдөрү менен төрт беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишти.
Мелдештин жыйынтыгында Арваз Ахмади 1-орунду ээлеп, алтын медалга ээ болду. Мындан тышкары, Бишкектик спортчу турнирдин «Мыкты мушкери» деп табылып, акчалай сыйлык менен сыйланды.








