Бишкек шаарынын спортчулары жана спорт мектептеринин тарбиялануучулары 2026-жылдагы XXV Эл аралык Ысык-Көл спорт оюндарына катышып, сууда сүзүү, жеңил атлетика, пляждык самбо, пляждык күрөш, дартс, стол үстүндөгү теннис жана волейбол боюнча байгелүү орундарга ээ болушту.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Кытайдан келген спортчулар катышты. Спорт оюндары сентябрь айында Ысык-Көл облусунда өттү.
Мелдештеги жогорку көрсөткүчтөрдүн бири катары волейбол боюнча Бишкек шаарынын «Бишкек ИИМ Ички аскерлери» курама командасынын 1-орунду ээлегенин белгилөөгө болот.
Сууда сүзүү боюнча «Дельфин» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары жеке жана эстафеталык мелдештерде ийгиликтүү чыгышты.
Павел Гончар 4 медаль - 2 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль жеңди. Ал 50 метрге баттерфляй ыкмасы менен сүзүүдө, аралаш эстафетада, 4×50 метрге эркин стилдеги эстафетада жана 50 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө байгелүү орундарга ээ болду.
Милена Сурина 4 медаль - 2 алтын жана 2 коло медаль тагынды. Ал 50 метрге баттерфляй, 50 метрге чалкасынан жана 100 метрге, 50 метрге эркин стилде сүзүү боюнча ийгиликке жетишти.
Ксения Безбожнова 3 медаль - 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль жеңди. Ал аралаш жана 200 метрлик эстафеталарда, ошондой эле 50 метрге баттерфляй ыкмасы менен сүзүүдө байгелүү орундарды ээледи.
Дарья Исламова 3 медаль - 2 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алды. Ал 50 жана 100 метрге эркин стилде, ошондой эле 50 метрге баттерфляй ыкмасы менен сүзүүдө байгелүү орундарга ээ болду.
Даткайым Талапкерова эстафетада күмүш медаль тагынды.
Рамазан Ибрагимов 5 алтын медаль жеңди.
София Петрашова 5 медаль - 4 алтын жана 1 күмүш медаль жеңип алды.
Дастан Анарбеков эстафетада күмүш медаль тагынды.
Виталий Мироненко 4 медаль - 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль жеңди. Ал эстафеталык жарыштарда, 50 метрге брасс жана 50 метрге чалкасынан сүзүүдө байгелүү орундарга ээ болду.
Атай Тажиев күмүш медаль жеңип алды.
2013-жылы туулган Айдин Янг 2 медаль - 50 метрге чалкасынан сүзүүдө алтын жана аралаш эстафетада күмүш медаль тагынды.
Жеңил атлетика боюнча С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары да жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү.
60 метр аралыктагы эстафетада Тимур Исаков, Руслан Литовский, Алия Самаркул кызы жана Эмилия Сулеймановадан турган команда 2-орунду ээледи.
60 метрге чуркоо боюнча жеке мелдеште эркектер арасында Тимур Исаков 2-орунду ээледи. Аялдар арасында Алия Самаркул кызы 2-орунду, Айбике Даникеева 3-орунду ээледи.
3000 метр аралыкка чуркоодо эркектер арасында Самат Казакбаев 2-орунду ээледи. Аялдар арасында 1000 метр аралыкка чуркоодо Анастасия Ротарь 1-орунду ээледи.
Окту төмөн жактан түртүп ыргытуу боюнча Дмитрий Назаров жана Тимур Исаков 1-орунду, Аскар Буржуев 2-орунду ээледи.
Эркектер арасында узундукка секирүүдө Дмитрий Назаров 1-орунду, аялдар арасында Алия Самаркул кызы 3-орунду ээледи.
Теннис, паралимпиада жана спорттун күч түрлорү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары жеке жана жуптук мелдештерде байгелүү орундарга ээ болушту.
Акжолтой Токбаева 1-орунду, Анара Джумабаева 2-орунду, Жанара Табылдиева 3-орунду ээледи. Жуптук мелдеште Анара Джумабаева менен Бегимай Искарбекова 1-орунду, Жанара Табылдиева менен Акжолтой Токбаева 2-орунду ээлешти.
Пляждык самбо боюнча «Ак Илбирс» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары 5 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль жеңишти.
Биринчи орундарды Арсен Шамшыбеков, Азат Аманбеков, Улара Карыпбекова, Аида Асанбекова жана Акак Үсөн кызы ээлешти. Умар Сарыев күмүш медалга ээ болду. Аделина Бакасова, Асемай Калчабаева жана Акылай Турганбаева коло медаль тагынышты.
Пляждык күрөш боюнча Азамат Даирбеков 2-орунду, Кубат Азизбаев 3-орунду ээледи.
Дартс боюнча «Дельфин» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары да байгелүү орундарга ээ болушту. Даанышман Жумабай уулу жеке эсепте 2-орунду, аралаш жуптук мелдеште 3-орунду ээледи. Алла Чернышова жеке эсепте 1-орунду ээледи.
Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти спортчуларды жана борбор калаанын спорт мектептерин колдоону улантып, алардын шаардык, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерге катышуусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүп келет.









