2026-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарынын Ленин районунда Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын райондун тургундары менен жолугушуулары өттү.
Жолугушуулар Ак-Ордо конушундагы Э. Иманалиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле №118 жалпы билим берүү мектебинин аймагында өткөрүлдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө шаар жетекчилигинин өкүлдөрү жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери административдик-аймактык реформанын алкагында шаардын курамына кирген конуштарын өнүктүрүүгө байланыштуу актуалдуу маселелерди жергиликтүү тургундар менен биргеликте талкуулашты.
Атап айтканда, жолдорду асфальттоо, аймактарды санитардык жактан тазалоо, коомдук транспорттун иштеши, талаштуу жана камакка алынган жер тилкелери, ошондой эле билим берүү мекемелерине байланыштуу маселелер каралды.
Тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилери келип түшкөн кайрылуулар боюнча түшүндүрмөлөрдү берип, айрым маселелерди тургундар менен биргеликте жеринде карап чыгышты.
Жолугушуулардын жыйынтыгында жооптуу кызматтарга көтөрүлгөн маселелерди мындан ары тыкыр карап чыгып, аларды чечүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Жолугушууларга жалпысынан 200дөн ашуун тургун катышты. Калк мэриянын өкүлдөрүнө жана шаардык кызматтардын адистерине түздөн-түз кайрылып, өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, чечүүнү талап кылган көйгөйлөрдү билдирүүгө мүмкүнчүлүк алды.











