2026-жылдын 16-сентябрында Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу өттү.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына расмий сапарынын жана «Борбордук Азия – Корея Республикасы» биринчи саммитинин алкагында өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Бул документ муниципалитеттер аралык түз кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга негиз түзөт.
Меморандумдун алкагында тараптар соода-экономикалык байланыштарды, илим, маданият, билим берүү жана шаардык башкаруу тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, тиешелүү түзүмдөрдүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө, ошондой эле делегациялар менен тажрыйба алмашууга көмөктөшүүгө ниеттенишет.
Тараптар достук байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө жана Бишкек менен Сеулдун ортосундагы практикалык жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

