Бишкек шаарынын мэриясы шаарда контейнер аянтчаларын санитардык жактан тейлөө жана аймактарда дератизация иштерин жүргүзүү үзгүлтүксүз негизде аткарылып жатканын маалымдайт.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу жана шаарды санитардык жактан тазалоо иштерин жүргүзөт. Шаарда жалпысынан 604 контейнер аянтчасы бар. Алардын санитардык абалын камсыз кылуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Контейнер аянтчалары күн сайын жуулат, ошол эле учурда ар бир аянтча белгиленген графикке ылайык орточо айына эки жолу толук жуулуп-тазаланат.

Контейнер аянтчаларынан таштандылар күн сайын саат 19:00дөн 07:00гө чейин чыгарылат. Көп кабаттуу үйлөр жайгашкан аймактарда таштандылар күн сайын түнкү убакта чыгарылат. Зарыл болгон учурда айрым каттамдар күнүнө эки жолуга чейин тейленет.

Дератизация иш-чаралары да үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Бишкек шаардык дезинфекциялык станциясы күн сайын пландуу иштерди аткарат. Жарандардан кайрылуулар түшкөн учурда адистер көрсөтүлгөн даректерге кошумча барып, аймактарды текшерип, зарыл болгон тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшөт.

Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги 81/1, 82/2, 82/4 жана 82/5-үйлөрдүн жашоочуларынан түшкөн кайрылууга байланыштуу Бишкек шаардык дезинфекциялык станциясы буга чейин зарыл болгон дератизация иштерин жүргүзүп, контейнерлерди атайын иштетүүдөн өткөрдү. Мындан аркы иштетүү иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлөт. Ал эми «Тазалык» муниципалдык ишканасы аталган аймактан тиричилик калдыктарын чыгарууну жана санитардык тейлөөнү бекитилген графиктин негизинде жүргүзүүдө.

Дератизация иш-чараларын жүргүзүү боюнча суроолор жаралган учурда жашоочулар Бишкек шаардык дезинфекциялык станциясына төмөнкү телефон номери аркылуу кайрыла алышат: +996 707 851 289.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар аймактарын санитардык жактан тейлөө жана дератизация иштерин жүргүзүү боюнча ишин улантууда.