Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары  Кубанычбек Иманалиев менен Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарынын мэринин орун басары Шэнь Линь баштаган илимий-техникалык делегациянын жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек менен Үрүмчү шаарларынын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Айрыкча илим, заманбап технологиялар жана жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар аталган багыттар боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын өкүлдөрү кызматташтыктын келечегин мындан ары талкуулоо үчүн Үрүмчү шаарына барууга чакырылды.

Мындан тышкары, билим берүү жана жаштардын тажрыйба алмашуусу боюнча маселелер каралды. Бишкек тарап Үрүмчү шаарына Бишкек шаарынын жаштар делегациясынын жакында болгон сапарын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун катышуучулары мындай алмашууларды улантуунун жана эки шаардын жаштарынын ортосундагы түз байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча Бишкек менен Үрүмчү шаарларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү улантууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.