Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өтөрүн эскертет.
Ачык соода 2026-жылдын 24-сентябрында саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 168 дарегинде өтөт. Аукционго жалпы 106 лот коюлат.
Аукционго катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 18-сентябрына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгында, Чүй проспектиси, 168 дареги боюнча кабыл алынат.
Катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
- тандалган лоттун номери көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү арыз;
- өздүгүн тастыктаган документ;
- кепилдик төгүмү төлөнгөнүн ырастаган төлөм документи.
Кепилдик төгүмүнүн өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 10 пайызын түзөт.
Кошумча маалыматты Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынан 0312 979 195 (ички 4220) телефону аркылуу алууга болот.
Аукционго коюлган лоттордун тизмеси жана катышуу шарттары менен төмөндөгү шилтеме аркылуу таанышууга болот.
https://docs.google.com/document/d/1ZFgIImxO7Ild_SPwsxDDG1NgmdGMA_6m/edit?usp=sharing&ouid=105564853597665327012&rtpof=true&sd=true