Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен шаарга кондиционер менен жабдылган, узундугу 12 метр болгон YUTONG үлгүсүндөгү 95 жаңы автобус алып келинди. Учурда автобустар этап-этабы менен шаардык каттамдарга чыгарылып, жүргүнчүлөрдү тейлей баштады.

Бүгүн, 17-сентябрда таңкы саат 5:00дөн тарта алгачкы 17 жаңы автобус каттамга чыгып, жүргүнчүлөрдү тейлөөгө киришти. Буга чейин №153 каттамда иштеп келген автобустар башка шаардык каттамдарга бөлүштүрүлдү. Ал эми №153 каттамга жаңы YUTONG автобустары чыга баштады.

Жакынкы убакта калган YUTONG автобустары да этап-этабы менен каттамга чыгарылып, шаардагы башка каттамдарга бөлүштүрүлөт.

Жаңы автобустарды этап-этабы менен каттамдарга чыгаруу шаардык каттамдардагы заманбап коомдук транспорттун санын көбөйтүүгө, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана тейлөөнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.