Октябрь районунда Көк-Жар айылынын, Өскөн-Ордо, Анар-Бак жана Кырман конуштарынын тургундары менен жолугушуулар өттү. Жолугушуулардын негизги максаты — тургундардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын жеринде талкуулоо болду.
Иш-чараларга Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басарлары, ошондой эле муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуулардын жүрүшүндө тургундар коомдук транспорт, жол инфраструктурасы, санитардык абал жана аймактарды көрктөндүрүү, жер мунапысы, турак үйлөргө документтерди тариздөө, балдарды мектептерге кабыл алуу, ошондой эле социалдык маселелерге байланыштуу бир катар актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Тиешелүү муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү көтөрүлгөн маселелер боюнча маалымат берип, зарыл түшүндүрмөлөрдү беришти. Ошондой эле айрым көйгөйлөр жеринде каралып, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору аныкталды.
Тургундар тарабынан айтылган сунуштар жана кайрылуулар жооптуу кызматтардын көзөмөлүнө алынды. Аларды кароо жана чечүү боюнча иштер мындан ары да улантылат.



