2026-жылдын 11–16-сентябрь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында 18 жашка чейинки спортчулар арасында бильярд боюнча Европа чемпионаты өттү.
Кыргызстандын курама командасынын курамында мелдешке Бишкек шаарындагы «Жеңиш» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары Артур Огобаев, Азирет Токтосунов жана Болот Эсенбеков ат салышты. Чемпионаттын жыйынтыгында Артур Огобаев менен Азирет Токтосунов коло медаль тагынышты.
17-сентябрда спортчуларды аэропорттон тосуп алып, спорт мектебинин өкүлдөрү спортчуларды ийгиликтүү чыгышы менен куттуктап, жетишкен жыйынтыктын маанилүүлүгүн белгилешти.
Бул жеңиш Кыргызстандын жаштар арасындагы бильярд спорту үчүн маанилүү жетишкендик, спорт мектептеринин башка тарбиялануучуларына да үлгү болуп, жаңы спорттук ийгиликтерге умтулууга дем берет.
Спортчуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз жана мындан аркы спорттук карьерасында ийгиликтерди каалайбыз!










