Осмонкул көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштери аяктады.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында жарыктандыруу мамылары жаңыланып, 35 даана темир мамы, кубаттуулугу 150 Вт болгон 40 даана энергияны үнөмдөөчү жарык берүүчү чырак орнотулду. Ошондой эле 1 400 метр өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылды.

Жаңы мамылар датка туруктуулугу менен айырмаланып, узак мөөнөттүү пайдаланууга ылайыкташтырылган. Заманбап жарык берүүчү чырактар унаа жүрүүчү бөлүктү жана жөө кишилер  өтүүчү тротуарларды бир калыпта жарыктандырып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана электр энергиясын үнөмдөөгө өбөлгө түзөт.

Иштер Бишкек шаарындагы тышкы жарыктандыруу системасын жаңыртуу жана жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аткарылды.