Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын негизинде Биринчи Май районунда Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана муниципалдык кызматтардын кызматкерлери «Умут», «Пригородный», «Теңдик», «Биримдик», «Соң-Көл», «Маевка» конуштарынын, ошондой эле 313, 307, 390 жана 378-контурлардын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүштү.
Жолугушууларга Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, Биринчи Май райондук администрациясынын жетекчилиги жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуулардын жыйынтыгында жооптуу түзүмдөргө тиешелүү тапшырмалар берилип, бир катар маселелер жеринде каралды.
Жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн негизги маселелердин бири аймактардын санитардык абалы болду. Атап айтканда, тиричилик калдыктарын өз убагында чыгаруу, аймактарды таза кармоо, ошондой эле курулуш объектилеринен чыккан чаң маселелери талкууланды. Аталган маселелер боюнча жооптуу муниципалдык кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, жашоочулар инфраструктураны өнүктүрүү жана аймактарды көрктөндүрүү боюнча маселелерди көтөрүштү. Алардын арасында жолдордун абалы, таза суу менен камсыздоо, электр энергиясы, газдаштыруу, канализация, көчөлөрдү жарыктандыруу, коомдук транспорттун иштеши, аялдамалардын жана светофордук объектилердин абалы боюнча маселелер бар.
Ошондой эле жер мунапысы, турак үйлөргө жана жер тилкелерине тиешелүү документтерди мыйзамдаштыруу, бала бакчаларда жана мектептерде орундар менен камсыз кылуу, пандустарды орнотуу жана балдар аянтчаларын куруу маселелери талкууланды.
Жашоочулардын кайрылууларын кароо жана көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча иштер улантылууда.







