2026-жылдын 18-сентябрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Кызматыбыз – эл үчүн» аттуу форум болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Бишкек шаарынын ИИББнын начальниги, милициянын полковниги Азамат Токтоналиев, отставкадагы милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Сүйүнбек Касмамбетов, ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек катышты.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Бишкек шаарынын ИИББнын жетекчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле чакырылган коноктор сөз сүйлөштү.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек өз сөзүндө ички иштер органдарындагы кызмат жогорку жоопкерчиликти, сабырдуулукту, кесипкөйлүктү жана өз ишине берилгендикти талап кыларын белгиледи.
«Милициядагы кызмат — бул чоң жоопкерчиликти, сабырдуулукту жана өз элине берилгендикти талап кылган ардактуу милдет. Кызмат учурунда кабыл алынган ар бир чечим жана көрсөтүлгөн ар бир жардам адамдын жана анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан сиздердин ишиңиздерде мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, гумандуулук жана кесипкөйлүк ар дайым биринчи орунда турушу керек», — деп белгиледи Атай Муратбек.
Мэрдин орун басары борбор калаада коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун өзгөчө маанилүүлүгүнө токтолуп, жарандардын ишеними милиция кызматкерлеринин ишиндеги негизги багыттардын бири экенин белгиледи.
Форумдун жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлерин сыйлоо аземи да өткөрүлдү. Бишкек шаарынын мэриясынын атынан ак ниет кызматы жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга кошкон салымы үчүн Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери сыйланды.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине арналган «Коррупцияга жол жок» аттуу чакан сахналаштырылган көрсөтүү тартуулашты.













