«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы суу алгычтарда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотуларын маалымдайт.
22-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, саламаттык сактоо объектилерине, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өндүрүштүк багыттагы башка объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймактарга Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрү, темир жолдун жээгиндеги аймак, «Алтын-Ордо», «Кара-Жыгач» конуштары жана «Полицейский городок» кирет.
Ичүүчү сууну убактылуу токтотуу «Контррезервуарлар» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
24-сентябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин шаардын айрым райондорунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймактарга Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Бельская көчөсү, Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги аймак, Жибек Жолу проспектиси, Айдарбеков көчөсү, БЧК, Саадаев көчөсү — Күрөңкөев көчөсүнөн Краснодонцев көчөсүнө чейинки бөлүгү, ошондой эле Ала-Арча дарыясынын түндүк тарабындагы аймак жана Маевка айылы кирет.
Мындан тышкары, «Красный Строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын-Бешик», «Салам-Алик», «Ак-Босого» конуштарына, ошондой эле Ала-Арча айылына суу берүү убактылуу токтотулат.
Ичүүчү сууну убактылуу токтотуу «Түндүк» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Жарандардан жана уюмдардан ичүүчү суу менен алдын ала камданып алууну өтүнөбүз.
Эскерте кетсек, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот.

