Бишкек шаарынын мэриясы подряддык уюмдун кепилдик милдеттенмелеринин алкагында жолдун асфальт-бетон жабуусун алмаштыруу иштерине байланыштуу Ауэзов көчөсүнүн айрым бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилерин маалымдайт.

2026-жылдын 18-сентябрында саат 20:00дөн тартып  Ауэзов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Сагымбай Манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Көрсөтүлгөн тилкеде подряддык уюм тарабынан жол катмары толугу менен алмаштырылат. Иштер кепилдик милдеттенмелеринин алкагында жүргүзүлөт жана  алдын ала маалымат боюнча  бир күнгө созулат.

Айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландап, жол кыймылын уюштуруудагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алууну жана мүмкүнчүлүк болсо альтернативдүү айланып өтүүчү жолдорду пайдаланууну өтүнөбүз.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарына түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.