Бишкек шаарынын төрт районунда коомдук багыттагы объектилерди комплекстүү текшерүү иштери уланууда. Текшерүүлөр өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулушун аныктоого жана мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган.

Адистер өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышын, эвакуациялык чыгуулардын жана эвакуация жолдорунун абалын, өрт сигнализациясынын иштешин, өрт өчүрүү каражаттарынын болушун, электр тармактарынын абалын, ошондой эле атайын техниканын тоскоолдуксуз кирип-чыгуусуна мүмкүнчүлүктүн бар-жогун текшерүүдө.

Ленин районунда текшерилген объектилердин катарына Ош базары, «Кыял» жана «Элит Строй» базарлары кирди. Свердлов районунда «Мадина» базары, Октябрь районунда «Орто-Сай» базары текшерилди. Ал эми Биринчи Май районунда адистер «Бишкек Парк» соода борборун жана «Азиз» базарын текшерүүдөн өткөрүштү.

Текшерүү иштерине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, райондук администрациялардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, ички иштер органдарынын, Муниципалдык инспекциянын, ошондой эле шаардын жана райондордун башка тиешелүү кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аныкталган мыйзам бузууларга карата тиешелүү чаралар көрүлүп, аларды жоюу мөөнөттөрү белгиленүүдө жана жооптуу адамдар аныкталууда. Объектилердин жетекчилери жана ижарачылары менен өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Коомдук багыттагы объектилерди текшерүү жана шаардын бардык райондорунда өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүү иштери улантылууда.