Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын негизинде 2026-жылдын 18-сентябрында Свердлов районундагы Ак-Жар конушунун тургундары менен Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын жолугушуусу өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карыбек уулу Улукбек, Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана райондук кызматтардын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын курамына кирген аймактарды өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер жергиликтүү тургундар менен биргеликте талкууланды.
Жолугушууда негизги маселелердин бири ички көчөлөрдүн абалы болду. Тургундар ички көчөлөрдү асфальттоо жана жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу боюнча өтүнүчтөрүн билдиришти.
Ошондой эле аймактарды санитардык жактан тазалоо жана көрктөндүрүү, коомдук транспорттун иштеши жана каттамдары, билим берүү мекемелеринин абалы жана жеткиликтүүлүгү боюнча маселелер көтөрүлдү.
Мындан тышкары, талаштуу жана камакка алынган жер тилкелерине байланышкан маселелер өзүнчө талкууланды.
Тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелер тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралды. Жолугушуунун жыйынтыгында жооптуу кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилип, бир катар маселелер боюнча мындан аркы чаралар аныкталды.
Бишкек шаарынын мэриясы тургундар менен иш алып барууну жана аймакты өнүктүрүүгө, ошондой эле калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган кайрылууларды кароону улантат.











