Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чанша шаарына болгон иш сапарынын алкагында Хунань провинциясындагы ири курулуш компаниялардын бири — Hunan Construction Investment Group компаниясынын жетекчилиги менен жолукту.
Жолугушуунун негизги темасы Бишкек шаарынын жол инфраструктурасын өнүктүрүү болду. Тараптар шаардагы жолдорду куруу жана реконструкциялоо, заманбап транспорттук түйүндөрдү куруу, ошондой эле көчөлөрдүн өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана унаа тыгындарын азайтуу максатында комплекстүү инженердик чечимдерди киргизүү маселелерин талкуулашты.
Айбек Джунушалиев кытайлык компанияга борбор калаадагы учурдагы транспорттук кырдаалды изилдеп, шаардын жол тармагына болгон өсүп жаткан жүктөмдү эске алуу менен конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгууну сунуштады.
Hunan Construction Investment Group компаниясынын өкүлдөрү чет өлкөлөрдө ири жол жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбалары менен бөлүшүп, Бишкек шаары менен кызматташуунун мүмкүн болгон форматтарын кароого даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар компания менен Бишкек мэриясынын тиешелүү түзүмдөрүнүн ортосунда түз байланыш түзүү, сунуштарды кеңири талкуулап, деталдуу иштеп чыгуу жана биргелешкен долбоорлорду практикалык ишке ашырууга өтүү боюнча макулдашышты.



