2026-жылдын 21-сентябрында саат 11:30 чамасында Жибек Жолу жана Ахматбек Суюмбаев (Карпинка) көчөлөрүнүн кесилишинде жол-транспорт кырсыгы катталды. Жибек Жолу көчөсү менен чыгыш багытында бара жаткан, №45 каттамды тейлеген Isuzu Cityport үлгүсүндөгү автобус оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен автобустун бир жүргүнчүсү жаракат алган. Окуя болгон жерге тез жардам бригадасы чакырылып, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.

Жол-транспорт кырсыгы Ички иштер органдарынын Жол кайгуул кызмат башкармалыгында каттоого алынды. Учурда тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.