Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварында жашылдандыруу боюнча долбоордун алкагында жаңы баш кошкон жубайлардын жана Түркиядан келген борбор калаанын конокторунун катышуусунда көчөт отургузулду.

Долбоордун алкагында «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы жаш жубайларга бир түп дарак белек кылды. Дагы беш даракты алар өз каражатына сатып алып, бульвардын аймагына отургузушту.

Ошентип, долбоордун алкагында жалпысынан алты түп дарак отургузулду.

Мындай демилгелер шаардагы жашыл аймактардын көбөйүшүнө жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.