22-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте Менделеев көчөсүнүн Курманжан Датка көчөсүнөн Путепроводная көчөсүнө чейинки жаңыланган бөлүгүндөгү иштердин жыйынтыгы менен таанышты.

Узундугу 590 метр болгон тилкедеги иштер апрель айында башталып, бир жарым айдын ичинде активдүү жүргүзүлдү. Жаңылоо иштери бюджеттик каражаттарынын эсебинен аткарылды. Подряддык уюм катары «Дорстрой» ЖЧКсы иш алып барды.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында жолдун асфальт-бетон төшөлмөсү жаңыланып, суу түтүктөрү алмаштырылды. Ошондой эле эки жөө кишилер  өтүүчү тротуар жана эки жагына ирригациялык тармак курулду. Буга чейин бул тилкеде тротуарлар болгон эмес.

Мындан тышкары, унаа токтотуучу жайлар каралып, бул аймактагы унаалардын кыймылын жана унаалардын токтошу иретке келтирүүгө шарт түзөт.

Иштер аяктагандан кийин жергиликтүү тургундар жүргүзүлгөн жаңылоо иштерине ыраазычылык билдирип, көчөнүн абалы жакшырганын белгилешти.