22-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте Саманчин көчөсүндө аткарылган иштердин жыйынтыгы менен таанышты.

Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки тилкеде буга чейин унаа жолу жок болгон. Жолдун жаңы тилкесинин ачылышы  аталган эки көчөнү байланыштырды.

Ошондой эле бул тилкеде аянты 1 200 чарчы метрди түзгөн тротуар курулуп, жолдун бир тарабына сугат системасы каралган жана жол белгилери түшүрүлгөн. Саманчин көчөсүнүн калган бөлүгүндө тротуарларды куруу жана ага чектеш аймактарды көрктөндүрүү иштери улантылууда.

Мэр Айбек Джунушалиев «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсына жакынкы убакта ага чектеш аймакты көрктөндүрүү иштерин уюштурууну тапшырды.

Ошондой эле буга чейин Саманчин көчөсүнүн боюндагы жашыл тилкеде жайгашкан 19 жеңил типтеги объект демонтаждалган. Ал жерде узундугу 300 метрден ашкан сквер уюштуруу пландалууда.

Шаардын жол, жөө адамдар үчүн өтмөк жана коомдук инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштер улантылууда.