22-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте борбор калаанын ар кайсы райондорунда курулуп жаткан 40 таштанды сорттоочу пункттун (ТСП) курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Алардын бири 4-кичи райондо, №22А үйдүн жанында жайгашкан. Мэр бул пункттун иши жана инфраструктурасы менен таанышты. Пункттун аянты 100 чарчы метрди түзөт. Бул жерде суу түтүгү жана канализация системасы каралган. Алар аймакты санитардык жактан тейлөөгө жана таштанды контейнерлерин жууп-тазалоого мүмкүндүк берет.

Таштанды сорттоочу пункттар тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу системасын иретке келтирүүгө, ошондой эле таштанды контейнерлерин короолорго жана аларга жакын аймактарга башаламан жайгаштыруудан акырындык менен баш тартууга багытталган.

Пунктта таштандылар сорттолот: пластик жана металл өзүнчө чогултулуп, андан ары кайра иштетүүгө жөнөтүлөт. Бул жерден күн сайын болжол менен 20 контейнердеги таштанды чыгарылат.

Долбоордун алкагында Бишкек шаарында жалпы 40 таштанды сорттоочу пункт түзүлөт. Алар шаардын ар кайсы райондоруна жайгаштырылып, таштандыларды чогултуу, сорттоо жана санитардык тейлөө үчүн зарыл болгон инфраструктура менен жабдылат.

Долбоордун ишке ашырылышы тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруунун кыйла иреттүү системасын түзүүгө, контейнерлердин башаламан жайгаштырылышын азайтууга жана шаар аймактарынын санитардык абалын жакшыртууга өбөлгө түзөт.