2026-жылдын 20–24-сентябрь күндөрү Сараево шаарында (Босния жана Герцеговина) дзюдо боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты өтүүдө.
Мелдештин М3 (40–44 жаш) курактык категориясында, 81 кг чейинки салмак ченинде Спорттук күрөш боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директорунун орун басары, Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу, эмгек сиңирген спорт чебери жана эл аралык категориядагы калыс Ислам Баялинов алтын медалга ээ болду.
Ушуну менен Ислам Баялинов дзюдо боюнча спорт чеберлери арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталды.
Быйылкы дүйнө чемпионатына дүйнөнүн 65 өлкөсүнөн 1 350гө жакын спортчу катышууда.
Ислам Баялиновду ийгилиги менен куттуктайбыз! Ага мындан ары да спорттук жана кесиптик ишмердигинде чоң ийгиликтерди каалайбыз!
