2026-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь районундагы №182 «Баластан» балдар бакчасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Сармерден – кыз-жигит» аттуу маданий иш-чара болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем– дүйнөлүк бийиктиктер» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп, кыргыз тилин, улуттук баалуулуктарды, каада-салттарды жана маданий мурастарды сактоого жана жайылтууга багытталды.
«Сармердендин» өзгөчөлүгү – ага бала бакчанын тарбиячылары жана тарбиялануучулардын аталары катышты. Катышуучулар «кыздар» жана «жигиттер» болуп эки командага бөлүнүп, кыргыз тилин, элдик чыгармачылыкты жана каада-салттарды билүү боюнча өз ара күч сынашты.
Педагогдор менен ата-энелердин биргелешип катышуусу иш-чаранын майрамдык маанайын арттыруу менен гана чектелбестен, балдарды тарбиялоодо бала бакча менен үй-бүлөнүн өз ара кызматташтыгынын жакшы үлгүсүн көрсөттү. Мындай иш-чаралар аркылуу балдар ата-энелери менен бирге кыргыз тили, маданияты, каада-салттары жана элдик чыгармачылык менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Иш-чаранын программасында жеке аткаруулар, улуттук бийлер, жаңылмачтар, ошондой эле макал-лакаптарды жана табышмактарды табуу боюнча сынактар уюштурулду. «Эрке бала» ролун тарбиялануучулардын биринин атасы Төлөн Эсенгулов аткарса, «Шайыр жеңе» образын бала бакчанын кызматкери Базарбек кызы Чынара аткарды.
Катышуучулар өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмүн, тапкычтыгын жана кыргыз тилин, элдик чыгармачылыкты билерин көрсөтүштү. Иш-чарада улуттук каада-салттарды сактоого жана руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды жаш муунга өткөрүп берүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чарага Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Самара Шербаева, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин кызматкерлери, райондук администрациянын өкүлдөрү жана тарбиялануучулардын ата-энелери катышты.








