2026-жылдын 19-сентябрында шаардык «Диалог» маданият үйүнүн чоң концерттик залында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Тил бизди бириктирет» аттуу майрамдык маданий иш-чара өттү.

Иш-чара «Тил тагдыры – эл тагдыры» ураанынын алдында өтүп, кыргыз тилин кеңири жайылтууга жана маданий биримдикти бекемдөөгө багытталды.

Иш-чаранын программасы кыргыз тили жана өлкөнүн маданий мурасы тууралуу тематикалык видеоматериалдарды көрсөтүү менен башталды. Маданият үйүнүн чыгармачыл жамааттарынын аткаруусунда кыргыз тилиндеги музыкалык чыгармалар жаңырды. Концерттик программага «Насыйкат» кыргыз фольклордук ансамбли, «Радуга» орус элдик ансамбли, «Барвинок» украин элдик ансамбли жана «Свитанак» беларусь элдик ансамбли катышты.

«Заман» жаштар театрынын жаш артисттери эне тилге арналган А. Осмоновдун, Б. Сарногоевдин, Ш. Дүйшеевдин жана А. Исмаиловдун чыгармаларынан көркөм окууларды тартуулашты.

Мындан тышкары, С. Чокморов атындагы окуу жайдын студенттери үчүн кыргыздын макал-лакаптарына арналган «Кыргызча билесиңби?» аттуу интерактивдүү оюн уюштурулду.

Майрамдык программа аспаптык аткаруучу Ш. Шеркуловдун «Эргиме» чыгармасын аткаруусу жана «Кыргызстан» аттуу хореографиялык композиция менен жыйынтыкталды.

Иш-чарага 180ден ашуун көрүүчү катышты.