2026-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясында жер мунапысына байланыштуу комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө комиссия тарабынан жарандардын жер мунапысына байланыштуу маселелер боюнча 248 арызы каралды.
Арыздарды кароонун жыйынтыгында комиссия тарабынан белгиленген тартипте тиешелүү чечимдер кабыл алынды.