2026-жылдын 24-сентябрында Бишкек шаарында борбор калаадагы жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун катышуусунда кеңешме болуп өттү. Иш-чара №23 жалпы билим берүү мектебинин жыйындар залында өткөрүлдү.
Кеңешменин жүрүшүндө коопсуз жана сапаттуу билим берүү процессин уюштуруу, мыйзамдардын талаптарын сактоо, жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле билим берүү уюмдарында талаптагыдай шарттарды камсыз кылуу боюнча актуалдуу маселелер каралды.
Негизги маселелердин бири Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы №136 «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышы болду. Бул маселе боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү баяндама жасашты.
Балдардын мектепке бара жаткан жана мектептен кайтып келе жаткан учурдагы коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте билим берүү уюмдарынын айланасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.
Кеңешменин өзүнчө бөлүгү жашы жете электер арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелерине арналды. Ички иштер органдарынын жана Билим берүү департаментинин өкүлдөрү мектептердин тиешелүү кызматтар менен өз ара иш алып баруусу жана окуучулар арасында профилактикалык иштерди күчөтүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, күн тартибинде окуучуларды окуу китептери менен камсыз кылуу, кадрдык иштер жана билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн административдик-укуктук жактан камсыз кылуу маселелери каралды.
Мектеп директорлоруна бир катар багыттар боюнча сунуштар берилди. Атап айтканда, 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалымкаттарды тариздөө жана кабыл алуу, эмгек тартибин сактоо, кызматкерлердин ишин уюштуруу, Билим берүү департаменти менен өз ара кызматташуу, ошондой эле билим берүү мекемелеринде коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Мектеп жетекчилеринин көңүлү өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоо зарылдыгына өзгөчө бурулду. Атап айтканда, тиешелүү документтердин жана эвакуациялоо пландарынын болушун камсыз кылуу, ошондой эле өрт өчүрүүчү техникалардын билим берүү уюмдарынын имараттарына тоскоолдуксуз кирип-чыгуусуна шарт түзүү боюнча талаптар белгиленди.
Ошондой эле мектеп имараттарын жана аларга жанаша жайгашкан аймактарды талаптагыдай кармоо маселеси талкууланды. Жетекчилерге тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу, эмеректердин, инженердик коммуникациялардын жана жабдуулардын ишке жарамдуу абалын камсыздоо, жумуш орундарын уюштурууга коюлган талаптарды сактоо, ошондой эле турникеттерди талапка ылайык пайдалануу сунушталды.
Артыкчылыктуу милдеттердин катарында мамлекеттик символикаларга коюлган талаптарды сактоо, маалыматтык стенддерди өз убагында жаңыртып туруу, кызматкерлердин белгиленген дресс-кодду жана эмгек тартибин сактоосун камсыз кылуу, коммуналдык чыгымдарды көзөмөлдөө, мектептердин санитардык абалын талаптагыдай кармоо жана аларга жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү маселелери да белгиленди.



