24-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Фрунзе көчөсү, 282а дарегинде мурдагы №116 бала бакчанын ордунда көп функционалдуу комплекс куруу маселеси боюнча тургундар менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар курулуштун коопсуздугуна, курулуш нормаларынын сакталышына, ошондой эле ага чектеш аймактарды, жашыл зоналарды, турак үйлөрдү жана балдар аянтчасын сактап калууга байланыштуу маселелерди көтөрүштү.

Мэр курулуш компаниясына иштерди бөлүнүп берилген жер тилкесинин чегинде гана жүргүзүүнү, жашыл зоналарга жана турак үйлөрдүн аймагына тийбөөнү, ошондой эле курулуш техникасынын, анын ичинде мунаралуу крандын коопсуз иштешин камсыз кылууну тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жеринде аныкталган тосмодогу жаракалар жана бузулуулар да текшерилди. Айбек Джунушалиев тосмонун баштапкы чектерин сактап, аны жылдырбоону жана курулуш объектисине караган тарабынан бекемдөөнү тапшырды.

Ошондой эле жаңы курулуштун алкагында балдар аянтчасын жаңылоо каралган. Эгерде курулуш иштеринин жүрүшүндө аянтча бузулган учурда, ал курулуш компаниясынын эсебинен кайра калыбына келтирилиши керек. Курулуш иштерин «Тынчтык жөнүндө» мыйзамдын талаптарын сактоо менен жүргүзүү жана тургундардын укуктарын бузбоо зарыл.

Тургундардын өтүнүчү боюнча мэр шаардык кызматтарга эс алуу зонасын жана воркаут аянтчасын уюштуруу маселесин карап чыгууну, ошондой эле бардык зарыл болгон курулуш талаптарынын сакталышын, айрыкча жакын жайгашкан үйлөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу менен текшерүүнү тапшырды.

150 орунга ылайыкталган мурдагы №116 бала бакча жеке менчикке өткөрүлүп берилип, 1995-жылдан бери иштебей келет. Учурда бул райондо 8 мамлекеттик жана 10 жеке бала бакча иштейт.

Инвестициялык долбоордун алкагында курулуш компаниясы өз каражатынын эсебинен муниципалитет сунуштаган башка жер тилкесине кеминде 500 орундуу жаңы бала бакча курат. Курулуш аяктагандан кийин объект муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилет.

Айбек Джунушалиев шаар өнүгө турганын, бирок ар бир курулуш иши мыйзам талаптарын так сактоо менен жүргүзүлүп, коопсуздук камсыздалышы жана тургундардын мыйзамдуу кызыкчылыктары эске алынышы керектигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында мэр курулуш компаниясына белгиленген талаптарды сактоону, ал эми жооптуу шаардык кызматтарга алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды.