24-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Абдрахманов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки тилкеде жүргүзүлүп жаткан Иманалиев көчөсүн реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Реконструкция иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Биринчи тилке — Абдрахманов көчөсүнөн Ж. Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүк, анын узундугу 2 чакырымды түзөт. Бул жерде туурасы 8 метр болгон унаа жолу, эки тарабында туурасы 1,5 метрден болгон тротуарлар жана жолдун түндүк тарабында сугат системасын куруу каралган.

Экинчи тилке — Ж. Пудовкин көчөсүнөн Курманжан Датка (7-Апрель) көчөсүнө чейинки бөлүк, анын узундугу 3 чакырымды түзөт. Унаа жолунун туурасы 14 метр, ал эми тротуарлардын туурасы эки тараптан тең 3 метрден болот. Ошондой эле жолдун эки тарабында сугат системасын орнотуу жана туурасы 2,5 метрден болгон жашыл тилкелерди уюштуруу каралган.

Реконструкциянын алкагында инженердик коммуникацияларды көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын ичинде Чыгыш электр тармактары ишканасынын линиясы боюнча 74 темир-бетон мамы жана бир трансформатордук көмөкчордону, ошондой эле Бишкек шаардык телефон тармагынын линиясы боюнча 28 электр мамысы көчүрүлөт.

Биринчи тилкеде реконструкция аймагына кирген 111 чарбалык курулуш жана тосмонун ичинен учурда 107 объекти демонтаждалды. Азыркы учурда топурак казуу, сугат түтүктөрүн орнотуу, резервдик коммуникацияларды тартуу, жолдун негизин тыгыздоо жана электр мамыларын көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Экинчи тилкеде жер казуу иштери аткарылууда.

Иштердин жүрүшү менен таанышкандан кийин мэр подрядчыга иштин темпин тездетүүнү жана аба ырайынын шарттарын эске алуу менен асфальт төшөө иштерин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө аяктоону тапшырды. Бул тургундар үчүн кошумча ыңгайсыздыктарды жаратпоо максатында жасалууда.

Ошондой эле электр тармактарын көчүрүү иштерин аяктап, долбоорго ылайык жаңы мамыларды орнотуу тапшырылды. Бул аба чубалгыларынын башаламан жайгашуусуна жол бербөөгө багытталган. Мындан тышкары, көчөлөрдү жарыктандырууну камсыз кылуу жана электр энергиясы өчүрүлө турган учурлар тууралуу тургундарга алдын ала маалымат берүү тапшырылды.

Өзүнчө суу өткөрүүчү каналдардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана долбоордо каралган суу агызуу боюнча иш-чараларды аткаруу тапшырылды.

Айбек Джунушалиев реконструкция иштеринин жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алып, бир жумадан кийин тапшырмалардын аткарылышы жана иштердин жүрүшү менен кайрадан тааныша турганын билдирди.